Мисс студентка - 2022

Мисс студентка - 2022
Мисс студентка - 2022
Мисс студентка - 2022
Мисс студентка - 2022
Мисс студентка - 2022

2022-жылдын 15-ноябрь күнү Токмок шаарынын 155 жылдыгына карата талантуу жаштарды колдоо максатында Токмок шаарынын мэриясы тарабынан Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө ,,Мисс Студентка -2022” сынагы уюштурулду.Сынакка шаарыбыздын жогорку жана орто кесиптик 6  окуу жайдан тандалган 9 студент кыз  катышты. Сынак улуттук кийимде саламдашуу, өнөр көрсөтүү, колдо бар нерседен кийим тигип көрсөтүү сыяктуу тапшырмалардан турду.

Токмок медициналык колледжинин атынан чыккан 3-дарылоо иши ,,А” тайпасынын студенткасы Жумадилова Толгонай  бардык жактан мыктылыгын көрсөтүп ,калыстар тобунун арзуусуна татып  ,,Мисс Студентка -2022” наамынын ээси болду. Биз үчүн бул жеӊиш абдан сыймыктуу.