Келишимге кол коюлган башка колледждердин

Келишимге кол коюлган башка колледждердин арасында академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында Токмок медициналык колледжинде Нарын медициналык колледжи менен академиялык виртуалдык алмашуу жумалыгы болуп өттү.

30-Сентябрь, 1– октябрь, 2021-жыл-НМКнын окутуучулары тарабынан адамдын анатомиясы жана физиологиясы, жугуштуу оорулар предметтери боюнча онлайн сабактар өткөрүлдү. 4,5,6-октябрь-Токмок шаарынын окутуучулары тарабынан СИН, медициналык генетика, информатика предметтери боюнча онлайн сабактар өткөрүлдү. Кийинчерээк башка сабактар боюнча онлайн сабактар да пландаштырылган. Онлайн сабактардын катышуучулары онлайн сабактар абдан кызыктуу өткөрүлгөндүгүн, эки тараптын студенттери пайдалуу маалымат алышканын жана мындай алмашуу процессинин өзү студенттердин кабылдоосун жана таанып билүүсүн жакшыртып, окуу процессин стимулдаштыргандыгын белгилешти. Мугалимдер тарабынан тажрыйба алмашуу гана жүрбөстөн, кесиптик, ишкердик, достук мамилелер дагы калыптанып, колледждер ортосунда мындан аркы кызматташтык күчѳйт.