«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»

«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»
«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»
«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»
«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»
«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»

«Эл аралык медайымдар форуму – 2025»:

2025-жылдын 12-май күнү Бишкек шаарында өткөн “Эл аралык медайымдар форуму – 2025” иш-чарасына Токмок медициналык колледжинин жамааты дагы катышып келди. Бул форум медайымдык кесипти өнүктүрүү, билим берүү, тажрыйба алмашуу жана заманбап тенденцияларга шайкеш иш алып баруу үчүн маанилүү аянтча болду.

Форумдун жүрүшүндө төмөнкү темаларга өзгөчө көңүл бурулду:

* Медайымдык билим берүүнү жаңылоо жана реформалоо;

* Клиникалык практикадагы mentorship (наставничество) тажрыйбасы;

* Жаш медайымдардын карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү;

* Санариптештирүү жана жасалма интеллекттин медайымдык иштеги ролу.

Иш-чара алкагында мастер-класстар, секциялык талкуулар жана таанышуу көргөзмөлөрү уюштурулуп, кесипкөй адистердин баяндамалары катышуучуларга чоң мотивация берди.

Токмок медициналык колледжинин окутуучулары  бул форумда өз билимин тереңдетип, жаңы методдор жана технологиялар менен таанышып, башка билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.

Форум соңунда кабыл алынган резолюцияда билим берүүнү өркүндөтүүгө жана медайымдык иштин коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган бир катар сунуштар киргизилип, алар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен билим берүү мекемелерине жөнөтүлдү.

Бул сыяктуу иш-чараларга активдүү катышуу — биздин колледждин өнүгүүгө, сапаттуу билимге жана кесиптик өсүүгө умтулгандыгынын дагы бир далили!

Перевод на русский