КМКАнын волейбол боюнча кубогу: Токмок медициналык колледжинин жигердүү катышуусу

2025-жылдын 16-17-май күндөрү Талас шаарында Талас медициналык колледжинин 70 жылдык мааракесине арналган Кыргызстандагы медициналык колледждер Ассоциациясынын волейбол боюнча кубогу ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул иш-чара маданий, спорттук жана кесиптик ынтымакты чыңдоонун мыкты үлгүсү болду.

Токмок медициналык колледжи да бул кубокко активдүү катышып, командалык духту, биримдикти жана спортко болгон мамилесин дагы бир жолу көрсөтө алды. Оюндар курч атаандаштыкта, бирок достук маанайда өтүп, баардык катышуучулар үчүн унутулгус таасирлерди калтырды.

Биздин команда мыкты оюн көрсөтүп, колледжибиз «Активдүү катышуусу үчүн» атайын диплом менен сыйланды. Ал эми Токмок медициналык колледжинин директору  асаналиева Э.Ч. «Мыкты директор - оюнчу» наамына татыктуу болуп, жеке үлгүсү менен спорттук маанайды дагы да көтөрүп берди.

Бул кубок — медициналык билим берүү мекемелеринин ортосундагы достукту, кызматташууну жана дени сак жашоого болгон урматты чыңдоонун аянтчасы болду. Биз, Токмок медициналык колледжи, мындай демилгелерди колдоп, келечекте да жигердүү катыша берүүгө даярбыз!

Талас медициналык колледжин 70 жылдык мааракеси менен дагы бир ирет куттуктайбыз жана ийгилик каалайбыз!