«Медайымдык иш» адистиги боюнча пилоттук долбоор алкагында мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлдү
«Медайымдык иш» адистиги боюнча пилоттук долбоор алкагында мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлдү
Медициналык колледжде Швейцариянын колдоосу менен эксперименталдык окуу планы боюнча билим алган «Медайымдык иш» адистигинин биринчи бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу Мамлекеттик аттестация өткөрүлдү.
Аттестация теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыды. Практикалык бөлүгү ОSKE элементтерин камтып, студенттердин кесиптик даярдык деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берди.
Аттестациянын ачык-айкындыгын жана баалоонун жогорку сапатын камсыз кылуу максатында Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын курамына квалификациялуу адистер кирди:
Комиссиянын төрагасы:
Усубалиев Тургунбек Женишбекович — Чүй райондор аралык жалпы дарыгерлер борборунун дарылоо иштери боюнча директордун орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбетжанова Гульзана Шарипбековна — Токмок медициналык колледжинин клиникалык цикл бөлүмүнүн башчысы;
Нааматова Асыл Мухамедовна — «Медайымдык иштин негиздери» цикл предметтеринин комиссиясынын окутуучусу;
Кенешбек кызы Райхан — Токмок шаардык жалпы дарыгерлер борборунун кардиология бөлүмүнүн улуу медайымы;
Мамбетаева Аида Таласовна — Токмок шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун улуу медайымы;
Аттестациянын алкагында тышкы эксперттер тарабынан мониторинг жүргүзүлдү:
— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар жана укуктук камсыздоо департаментинин медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн адиси Аблесова Асель Кулубековна,
— И.Ахунбаев атындагы КММАнын медайымдык иш кафедрасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Бабалиева Замира Бузурмановна.
Бул тажрыйба медайымдык иш боюнча жаңыча адистерди даярдоого багытталган мамилени ишке ашырууда маанилүү кадам болуп, колледждин уюштуруучулук жана окуу-методикалык ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү. Ошол эле учурда долбоордун жаңылыгын жана аттестация процессине ОSKE элементтеринин киргизилгенин эске алуу менен колледжге бул жаатта дагы практикалык тажрыйба топтоо талап кылынат.