«Үлгүлүү жамаат»
Токмок шаарынын Маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Үлгүлүү жамаат» кароо-сынагына Токмок медициналык колледжи активдүү катышты. Сынактын алкагында колледж жамааты өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн, социалдык жоопкерчилигин, шаардык жана коомдук турмушка кошкон салымын, ошондой эле жамааттык биримдикти жана корпоративдик маданиятты чагылдырган программаны сунуштады. Кароо-сынактын бардык этаптарында колледж жамааты жогорку уюшкандыкты, командалык ынтымакты жана коомго пайдалуу демилгелерди көрсөтө алды. Айрыкча калктын саламаттыгын сактоого багытталган иш-чараларга, социалдык жана агартуу иштерине активдүү катышуусу калыстар тобу тарабынан жогору бааланды. Сынактын жыйынтыгында Токмок медициналык колледжи «Социалдык жогорку жоопкерчиликтүү жамаат» номинациясына ээ болуп, сыйлык менен татыктуу сыйланды. Бул жетишкендик жамааттын биримдигинин, эмгекчилдигинин жана коом алдындагы жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүнүн айкын далили болуп саналат.