«Лучший акушер - 2025»
Конкурс «Лучший акушер - 2025» Токмок медициналык колледжинде «Лучший акушер» аттуу кесиптик чеберчилик конкурсу өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты — акушердик иш багытында билим алып жаткан студенттердин теориялык даярдыгын, практикалык көндүмдөрүн жана кесипке болгон жоопкерчиликтүү мамилесин баалоо. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча өздөрүнүн билимин жана чеберчилигин көрсөтүштү: * акушердик жардам көрсөтүү боюнча клиникалык кырдаалдарды чечүү; * практикалык көндүмдөрдү так жана туура аткаруу; * энени жана наристени коргоо, коопсуздукту камсыз кылуу принциптерин сактоо; * кесиптик этика жана баарлашуу маданияты. Ар бир студент тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарууга умтулуп, акушер кесибине болгон сүйүүсүн жана берилгендигин көрсөтө алды. Калыстар тобу катышуучулардын тактыгын, ыкчамдыгын, жоопкерчилигин жана командада иштөө жөндөмүн эске алуу менен жалпы жыйынтык чыгарды. Конкурс студенттердин кесиптик потенциалын ачууга, тажрыйбасын байытууга жана келечектеги акушерлерге шыктандыруучу стимул берүүгө багытталды. 1-орун - 3 Акушер иш "Б" "Чудо начинается с нас". "Мыкты акушер - 2025" - Каримова Рано. 2-орун -3 Акушер иш "А" "Жемчужина акушерства"