«АИВ жана жаштар: билим, жоопкерчилик, саламаттык»

Интерактивдүү семинар Тема: «АИВ жана жаштар: билим, жоопкерчилик, саламаттык» Токмок медициналык колледжинде «АИВ жана жаштар: билим, жоопкерчилик, саламаттык» аталышындагы интерактивдүү семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин АИВ/ЖИЧ жөнүндө түшүнүгүн кеңейтүү, жугуу жолдорун алдын алуу жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу. Семинарга СПИДге каршы күрөшүү республикалык борборунун өкүлдөрү чакырылып, алар бүгүнкү күндөгү Кыргызстан боюнча акыркы статистиканы жана адистик маалыматтарды сунушташты. Адистер АИВдин жугуу коркунучтары, алдын алуу жолдору, дарылоо мүмкүнчүлүктөрү жана жаштар арасында маалыматтын жеткиликтүүлүгү тууралуу кеңири баяндама жасашты. Иш-чара интерактивдүү суроо-жооп, топтук талкуулар жана студенттердин активдүү катышуусу менен коштолду. Семинар студенттердин маалымдуулугун арттырып, ден соолук маданиятын чыңдоого маанилүү салым кошту.