«Мыкты фармацевт» аттуу конкурс

«Мыкты фармацевт» аттуу конкурс 2025-жылдын 15-апрелинде Токмок медициналык колледжинде «Мыкты фармацевт» аттуу кесиптик конкурс болуп өттү. Конкурска 3-Фарм «А» жана 3-Фарм «Б» топторунун студенттери катышты. Иш-чара болочок фармацевттердин билим деңгээлин, практикалык көндүмдөрүн жана кесиптик даярдыгын текшерүүгө багытталган. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар тесттик тапшырмаларды аткарып, дары каражаттары боюнча теориялык билимдерин жана фармтехнология жаатындагы практикалык көндүмдөрүн, ошондой эле кардарлар менен баарлашуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Конкурстун негизги максаты — келечектеги адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, фармацевтикалык иште жоопкерчилик менен тактыкты өнүктүрүү болду. Конкурс уюшкандыкта өтүп, студенттер активдүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана эскерүү белектери тапшырылды.