“ 2024-жылдын мыкты фельдшери”
31.10.2024-жылы 4-курстун студенттеринин арасында “ 2024-жылдын мыкты фельдшери” деген сынак өткөрүлдү: командалар «Парамедики» - 4 ЛДБ жана “Люди в белом” - 4ЛДА. Сынактын алкагында катышуучулар “Менталдык карталар” аркылуу теориялык билимдерин көрсөтүштү жана практикалык тапшырмаларды аткарышты, анын ичинде кырдаалдык маселелерди чечишти.
Катышуучулар үй тапшырмаларын кыска Тик Ток боюнча сунуштар түрүндө көрсөтүштү. Ал белгилүү критерийлерге жана эрежелерге жооп берди. Капитандык мелдеш өткөрүлдү.
TокMK студеннттери окуу учурунда алган билими жана көндүмдөрү келечектеги кесибине жарамдуу экенин ийгиликтүү далилдешти.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун - 4ЛД “Б” - Парамедики
2 –орун- 4 ЛД “А” - Люди в белом
Бакирова Ш. “ Мыкты фельдшер” номинациясында сыйлык алды.