БМКдан келген кесиптештердин академиялык мобилдүүлүк алкагындагы визити
БМКдан келген кесиптештердин академиялык мобилдүүлүк алкагындагы визити
Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында биздин колледжге БМКдан кесиптештер келип кетишти. Коноктор үчүн колледж боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулуп, алар окуу базасы, аудиториялар жана симуляциялык кабинеттер менен таанышышты.
Кесиптештер ошондой эле хирургия боюнча практикалык сабакка катышып, студенттердин окуу процесси менен таанышып, кызыккан суроолорун берип, сабакты өткөрүү ыкмалары боюнча мугалимдер менен пикир алышты.
Визиттин жүрүшүндө биздин колледждин окутуучулары менен жандуу баарлашуу жана тажрыйба алмашуу болуп өттү. Бул кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө чоң салым кошту.