Мыкты фельдшер - 2023

Мыкты фельдшер - 2023
Мыкты фельдшер - 2023
Мыкты фельдшер - 2023
Мыкты фельдшер - 2023
Мыкты фельдшер - 2023

2023-жылдын 9-ноябрында 4-курстун студенттери арасында “Мыкты фельдшер – 2023” сынагы өттү: командалар “Бригада 103” командасы – 4 ЛД А жана “Адреналин” – 4 ЛД Б.

Сынактын алкагында катышуучулар теориялык билимдерин викторина аркылуу көрсөтүштү, практикалык тапшырмаларды аткарышты, анын ичинде негизги клиникалык предметтер боюнча кырдаалдык маселелерди чечишти. Ошондой эле тез жардам көрсөтүү ыкмаларын көрсөтүштү.

Кошумчалай кетсек, катышуучулар үй тапшырмаларын «Кесипке карай» аттуу кыска видеотасма түрүндө көрсөтүштү. Бул видеодо болочок фельдшерлер унаа кагышкан жабырлануучуга (ойдон чыгарылган кырдаалда) колдо болгон каражаттарды колдонуу менен медициналык жардам көрсөтүшкөн. Видео белгилүү критерийлерге жана эрежелерге жооп берген. Студенттер ТокМКда окуп жүргөндө алган билимдери жана көндүмдөрү туруктуу гана болбостон, практикада да колдонууга жарамдуу болуп чыкканын ийгиликтүү далилдешти.

Мелдештин жыйынтыгы:

1-орун – «Бригада 103» 4 ЛД А.

2-орун – “Адреналин” 4 ЛД Б.

Алиева Айымжан «Мыкты фельдшер» номинациясында сыйлык алды.