«Кант диабетинин алдын алуу жана туура тамактануу» темасында конференция
2025-жылдын 20-мартында Токмок медициналык колледжинде «Кант диабетинин алдын алуу жана туура тамактануу» темасында конференция өткөрүлдү. Диканбаева С. Ж. жана 1 – СД «Б» тайпасынын студенттери менен бирге теманын актуалдуулугун баса белгилеп, өз баяндамаларында кеңири маалымат берип, презентацияларды сунушташты. Практикалык бөлүктө алар кандагы канттын деңгээлин өлчөөнүн жана дарылоо – дене тарбия көнүгүүлөрүнүн (ЛФК) мастер – классын көрсөтүштү. Студенттер колледжде алган билимдерин жана көндүмдөрүн ийгиликтүү көрсөтө алышты.