Спорттук иш-чара (архив )
2024-жыл 11-май күнү ОшМУнун медициналык колледжи Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын волейбол боюнча кубогун өткөрдү. Спорттук иш чараны ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков жана ассоциациянын төрагасы Ө.Т.Станбаев ачып беришти. Мелдешке Кыргызстандагы медициналык колледждердин окутуучуларынан түзүлгөн командалар катышып, Кубок жогорку деңгээлде өттү. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орунду ээлегендерге акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.