«Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү: мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор»

Токмок медициналык колледжинде коррупциянын алдын алуу боюнча жолугушуу өттү Токмок медициналык колледжинде «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү: мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор» темасында билим берүүчү иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу жана коррупциянын алдын алуу боюнча түшүнүгүн кеңейтүү. Иш-чарага Токмок шаарынын прокурорунун жардамчысы У.А. Алиев чакырылып, ал коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр, Жазык кодексиндеги жоопкерчилик чаралары жана жаштар арасында укуктук маданиятты чыңдоонун мааниси жөнүндө кеңири маалымат берди. Студенттер үчүн видеопрезентация жана окутуучу видеороликтер көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары тааныштырылды. Ачыктык, санариптештирүү жана жарандык көзөмөл сыяктуу негизги принциптер боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер активдүү суроо берип, мыйзамдуулукту сактоо, кесиптик этика жана жарандык жоопкерчилик тууралуу ойлору менен бөлүшүштү. Иш-чарага 1–2-курстун 270 студенти жана 24 окутуучу катышты. Колледж жетекчилиги мындан ары да антикоррупциялык агартуу иштерин улантып, тематикалык сабактар жана түшүндүрүү кампанияларын күчөтүүнү пландаштырууда.