Токмок медициналык колледжде 2022-жылдын 9-ноябрынан 9-декабрына чейин СПИДге
Токмок медициналык колледжде 2022-жылдын 9-ноябрынан 9-декабрына чейин СПИДге каршы күрөшүү айлыгы жарыяланды. Бир айлыктын планы түзүлүп, анын алкагында төмөнкү иш-чаралар аткарылды:
- ,,ВИЧ СПИДди кантип алдын алуу керек ? ” темада куратордук саат өткөрүлдү.
- 1-курстар арасында ,,Канткенде СПИДди токтотобуз?”, ,,Наркомания” ж.б. темаларда документалдуу фильмдер көрсөтүлдү.
-Дубал гезит, санбюллетень сынактары уюштурулду.
- ,,СПИД жөнүндө эмне билесинер? Темада 1-курс жана 3-курстун студенттеринин арасында эссе -дилбаян жазылды.
Ошондой эле Токмок шаарынын мэриясынын чоң залында шаар боюнча 6 окуу жайдын арасында Чүй областык СПИД борбору тарабынан сынак өткөрүлдү. Аталган сынакта Токмок медициналык колледжи 1-орунду ээледи. 3-акуш А тайпасынын студенттери.
окуу жайыбыздын намысын коргоп татыктуу жеңишке ээ болушту.