Класстан тышкаркы сабак
2025-жылдын 6-мартында «Ден соолукту чыңдоо жана ден соолукту тарбиялоо» сабагынын мугалими Касенова Г.Т. 3 С/Д Б тайпасынын катышуусунда «Сергек жашоо образын калыптандыруунун негизги принциптери» деген темада класстан тышкаркы сабак өткөрдү. Теманын актуалдуулугу: азыркы дүйнөдө жашоо тез-тез стресс, ашыкча иштөө, туура эмес тамактануу жана иммундук системанын коргоочу функцияларынын сөзсүз начарлашына алып келген башка көйгөйлөр менен тыгыз байланышта экендигинде.
Иш-чара блоктордо өткөрүлдү:
- туура тамактануу;
- физикалык активдүүлүк;
- психологиялык бейпилдик:
- жаман адаттардан баш тартуу.
Класстан тышкаркы сабак викторина түрүндө өткөрүлдү, видеоматериалдар жана видеороликтер колдонулду, санитардык бюллетени жана брошюралар чыгарылды.
Студенттер сергек жашоо образы боюнча көптөгөн маалыматтарды алышты