"Бишкекте волейбол турнири" (архив)

"Бишкекте волейбол турнири"
Бишкек шаарында Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоциациясынын волейбол боюнча кубогу болуп өттү.
Мелдешке медициналык колледждердин окутуучуларынан түзүлгөн командалар катышып, оюн жогорку деңгээлде уюштурулду. Байгелүү орундарды ээлеген командалар акчалай сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.
Бул иш-чара медициналык билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошту.