Токмок медициналык колледжиндеги ишембиликтер
Токмок медициналык колледжинде ар ишемби күнү ишембилик иш-чаралары өткөрүлүп турат.
Бул иш-чараларга окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер активдүү катышышат.
Ишембиликтин максаты — колледждин аймагын көрктөндүрүү, тазалыкты жана тартипти сактоо, студенттерде экологиялык маданиятты жана эмгек тарбиясын калыптандыруу.
Катышуучулар колледждин аймагын тазалоо, бак-дарактарды жана гүлдөрдү отургузуу, жашыл аянттарды кароо, окуу жана чарба имараттарын иретке келтирүү менен алек болушат. Мындай ишембилик иш-чаралары командалык духту чыңдоого, жоопкерчиликти тарбиялоого жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга өбөлгө түзөт. Колледждин жамааты бул демилгени кубануу менен колдоп, ыңгайлуу жана таза билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өз салымын кошуп келет.