Ааламга тете өмүр викторинасы

Ааламга тете өмүр викторинасы
Ааламга тете өмүр викторинасы
Ааламга тете өмүр викторинасы
Ааламга тете өмүр викторинасы

Токмок медициналык   колледжинде 24.11.23ж.  викторина  отту.

Баарыбызга маалым болгондой быйыл Ч.Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө.Бул кыргыздын атын дүйнөгө таанымал калган инсандын талантына таазим кылбай коюу мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу окуу жайыбызда үч айлык жарыяланып, иш-план түзүлүп анын алкагында көптөгөн иш-чаралар аткарылды. Анын бири мугалимдер арасында  өткөрүлгөн викторина болду.

Викторинага окуу жайыбыздын жалпы медициналык циклдин  мугалимдеринен түзүлгөн ,,Ак кеме ” тобу жана ошондой клиникалык  циклинин мугалимдеринен түзүлгөн ,, Кызыл алма” тобу  катышты.

Таймашка эки топ тең катуу даярдык менен келгендиктен калыстар тобуна таразалоо оңойго турган жок . Бир аз упай менен 30 балл топтоп ,,Кызыл алма”  тобу алдыга чыгып  жеңишке ээ болду.