Ормон хандын 230 жылдыгына

Ормон хандын 230 жылдыгына
Ормон хандын 230 жылдыгына
Ормон хандын 230 жылдыгына
Ормон хандын 230 жылдыгына
Ормон хандын 230 жылдыгына

23.11.22 Токмок медициналык колледжинин Кыргызстандын тарыхы боюнча окутуучусу Баказова А.М. класстан тышкаркы иш чара өткөрдү

Кыргыз каганатынын тарыхтагы жалгыз башчысы Ормон хандын 230 жылдыгына арналган.

Класстан тышкаркы иш-чаранын максаты:

- студенттин өлкөнүн тарыхына болгон таанып-билүү кызыгуусун активдештирүү;

— жаштардын арасында баалуу дүйнѳгѳ кѳз карашты жана азыркы илимий дүйнѳгѳ кѳз карашты калыптандыруу, маданиятты жана улуттар аралык мамилелерди ѳнүктүрүү.

Иш-чара план боюнча өттү:

  1. Ормондун тукуму, балалык жана өспүрүм кези.
  2. Ормондун бийликке келиши, анда видео-спектакль көрсөтүлдү, Ормон Ниязбек уулу курултайда кыргыз элинин биримдиги, Кокон эзүүсү, орус заставаларынын (аскердик чептердин) жакындоосу. жалпы кыргыздардын арасынан хан шайлоо, кайсы жерден хан кѳтѳрүү сунушталган.
  3. Курултайда хандыктын символдору жана Ормон хандын мыйзамдары белгиленип, “Ормон окуусу”, (“Ормондун окуусу”) “Кыргыз жоокеринин ар-намыс кодекси” слайды менен коштолду.
  4. Кыргыз-казак мамилеси Алия Орузбаеванын аткаруусундагы “Толгонум” элдик ыр-бийи менен коштолду.
  5. Элибиздин ички жана тышкы саясаты кандай чечилген (Кененсарынын даректүү тасмасы көрсөтүлдү)
  6. Ормон хандын шериктери тарабынан туткунга алынышы жана өлүмү Кыргыз каганатынын тарыхтагы жалгыз башчысы Ормон хандын бийлиги жыйынталат.
  7. Иш-чара ыйык жерибиз мураска калган Ала-Тоо тууралуу жигиттердин ыр саптары менен аяктайды. Мындай чыныгы Баатырлардын ысымдары кылымдар бою сакталып келет.