Студентке кабыл алуу аземи
Студенттер күнүнө карата 2022-жылдын 17-ноябрь күнү Токмок шаарынын маданият үйүндө 1-курстарды Студентке кабыл алуу аземи жана Студенттик күн салтанаттуу өткөрүлдү. Кече ТокМКнын Жаштар комитети жана 2-курстун студенттери тарабынан жогорку деӊгээлде уюштурулду.Иш-чара окуу жайдын директору Э.Ч.Асаналиеванын куттуктоо сөзү менен башталып, обондуу ырлар, бийлер, конкурстар менен коштолуп жана 1-курстун студенттеринин салтанаттуу ант берүүсү менен аяктады. Бул майрамдык салтанат студенттик жашоодон эстен кеткис элес катары калаары шексиз.