Токмок шаардык тарыхый музейине таанытуу экскурсиясы

Токмок шаардык тарыхый музейине таанытуу экскурсиясы 2025-жылдын март айында «Дарылоо иши» бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери окутуучу Баказова А.М. менен биргеликте Токмок шаардык тарыхый музейине таанытуу экскурсиясына барышты. Бул экскурсия студенттер үчүн өздөрүнүн аймагынын тарыхы жана маданий мурасы менен таанышууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болду. Музейде студенттер Чүй облусунун байыркы жана заманбап тарыхына арналган экспозициялар менен таанышып, региондун өнүгүүсү тууралуу кызыктуу маалыматтарды алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин руханий жактан өсүшүнө көмөк берип, өз элинин тарыхына, маданиятына жана салттарына болгон урмат-сыйды калыптандырат.