Дисмургия

Дисмургия
Дисмургия
Дисмургия
Дисмургия
Дисмургия
Дисмургия

2023-жылдын 4-декабрында 2-ак.иш Б тайпа менен төмөнкү темада конференция өткөрүлдү: «Дисмургия. Транспорттун иммобилизациясынын түрлөрү жана каражаттары». Мугалимдин кириш сөзүнөн кийин алып баруучу Камила Мусаева конференцияны алып барууга киришти. Десмургиянын тарыхы айтылып, андан кийин студенттер ар кандай кырдаалдарда иммобилизациялоо боюнча практикалык бөлүгүн ырааттуу жана билгичтик менен айтып беришти жана көрсөтүштү. Тизе  жана сан сөөгү сынганда, буттун үстүңкү бөлүгү сынганда жана чыгып кеткенинде «тепкич» шинасын коюшту. Гипс коюлгандан кийин кыймылсыздандыруу үчүн үстүнкү бутка жоолук таңуу салынды. Импровизацияланган бинттер төмөнкү жана үстүнкү буттарга кантип коюлаарын көрсөтүштү. Алар ийиндин  жана акыректин жабыркашында  колдонулуучу “Дезо”, “Вельпо” жана “Машак сымал (колосовидный)” таңгычтарын коюууну көрсөтүштү.

Ошондой эле 3 ЛД Б тайпасынын студенттери  тез жардам станциясында бар заманбап иммобилизациялоочу шиналарды колдонуу менен тез жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөткөн видеотасма көрсөтүштү. Студенттер арка жана жамбаш муундарын кыймылсыздандыруу үчүн Эланский шиналарын, ошондой эле моюн омурткаларынын жаракаттары үчүн Шанц жакасын колдонууну көрсөтүштү. Пневматикалык шиналар ийиндин, билектин, сандын жана астыңкы буттун жаракаттары үчүн көрсөтүлдү. Жабырлануучуларды алып жүрүүчү вакуумдук замбил көрсөтүлдү.

Травматикалык шоктун өнүгүшүн алдын алуу, тактап айтканда, кароо, кырдаалды баалоо, наркоз берүү жана жабыркаган мүчөнүн кыймылсыздыгын түзүү максатында, жаракат алгандарга шашылыш жардам көрсөтүү программасы каралган.