Эне сүтүн эмизүүнүн артыкчылыктары
Эне сүтүн эмизүүнүн артыкчылыктары Тема боюнча өткөрүлгөн внеклассное мероприятие** Бүгүн биздин колледждиӊ студенттери менен “Эне сүтүн эмизүүнүн артыкчылыктары” деген маанилүү тема боюнча внеклассное мероприятие өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө эне сүтүнүн ымыркайдын ден соолугуна, иммунитетине жана жалпы өнүгүүсүнө тийгизген чоң пайдасы кеңири талкууланды. Студенттер эне сүтүнүн табигый курамы, анын коргоочу функциялары жана эмизүүнүн эне менен бала үчүн болгон артыкчылыктары тууралуу маалымат алып, көптөгөн кызыктуу суроолорду беришти. Мындай билим берүүчү иш-чаралар студенттердин медициналык сабаттуулугун жогорулатып, келечектеги кесиби үчүн зарыл болгон маалыматтарды терең түшүнүүгө жардам берет.