Кыргызстандын медициналык колледждеринин директорлору саламаттык сактоо министри менен жолугушту 2025-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Э.М.

Кыргызстандын медициналык колледждеринин директорлору саламаттык сактоо министри менен жолугушту 2025-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Э.М. Чечебаев менен Кыргызстандын медициналык колледждер ассоциациясына мүчө болгон колледждердин директорлорунун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул иш-чарага Токмок медициналык колледжинин директору дагы катышты. Жолугушууга Саламаттык сактоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн жана кадрлар башкармалыгынын өкүлдөрү да катышты. Талкуунун негизги темасы – өлкөдөгү орто медициналык билим берүүнүн азыркы абалы жана өнүгүү келечеги болду. Жолугушуу учурунда Ассоциациянын президенти орто медициналык билим берүү тармагында жетишилген жыйынтыктар тууралуу айтып, бул багыттагы реформалар ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Айрыкча, «Сестринское дело» адистиги боюнча пилоттук программа беш колледжде ишке ашырылып жатканына жана 16–17-апрелде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын акыркы кароосу өткөнүнө өзгөчө көңүл бурулду. Физиотерапия жардамчыларын даярдоо программасы беш колледжде ийгиликтүү ишке ашып жатканы белгиленди. Ошондой эле бир медициналык колледжде эрготерапия, эрготерапия жардамчысы жана бакалавриат программалары боюнча билим берүү ишке ашырылып жатканы, бул практика Кыргыз Республикасында уникалдуу экени айтылды. Мындан сырткары, орто медициналык билим берүүгө тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды кайрадан карап чыгуу маселеси да талкууланды. Бардык сунуштар Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлүп, аларды биргелешип ишке ашыруу пландалууда. Колледж директорлору учурдагы негизги маселелерди да көтөрүштү, алардын ичинде мугалимдердин айлык акысынын аздыгы өзгөчө белгиленди. 2019-жылдан бери бул багытта көтөрүлүү болгон эмес, ошол эле учурда билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы айлык маяналар эки эсеге көбөйгөн. Учурда медициналык колледждердеги мугалимдердин орточо айлыгы 14–16 миң сомду түзөт. Бул кадрлардын тез алмашуусуна, жаш адистердин кесипке кызыгуусунун төмөндөшүнө жана билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Министр Э.М. Чечебаев тиешелүү бөлүмдөргө медициналык колледждердин окутуучуларынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгууну тапшырды. Жолугушууга катышкандар орто медициналык билим берүү системасын өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, көтөрүлгөн маселелер жакын арада чечилет деген ишенимин билдиришти.