EdNet

EdNet
EdNet
EdNet

24.08.22-26.08.22 пилоттук колледждер менен биргеликте тренингге ТокМКнын директору Асаналиева Э.Ч. катышты, директордун орун басары – Айдралиева Ж.Ш.,  методист - Бегалиева М.С. , сапат үчүн жооптуу - Сүйүналиева Н.М. катышты. Тренингди “EdNet” Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттигинин президенти – Уманкулова Оңолкан Алматайовна өткөрдү.

Тренинг 3 күн өттү, программа абдан бай болду:

24.08.22 – “Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн сапат маданиятын өнүктүрүү”

25.08.22 – «Окутуу натыйжаларын калыптандыруу жана алардын билим берүү процессин куруудагы ролу»

26.08.22 – “Билим берүүнүн сапатын камсыздоо системасынын элементтерин практикалык ишке ашыруу”

Тренинг жемиштүү өттү, катышуучулар көп маалымат алышты жана колледждеги билим берүүгө сапат маданиятын, сапатты камсыздоо элементтерин киргизүүнү көздөшүүдө.