МЧС кызматкерлери студенттер менен маек жүргүздү

МЧС кызматкерлери студенттер менен маек жүргүздү
МЧС кызматкерлери студенттер менен маек жүргүздү
МЧС кызматкерлери студенттер менен маек жүргүздү

 2025-жылдын 9-апрелинде Токмок медициналык колледжинин «Акушердик иш» бөлүмүнүн 1-курстун студенттери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (МЧС) кызматкерлери маалыматтык маек өткөрүштү.

Маектин темасы ачык суу сактагычтарда сууда чабуунун коопсуздугуна арналган. Маектин учурунда МЧСтин адистери студенттерге жай мезгилинде суу сактагычтарда коопсуздук эрежелерин кеңири түшүндүрүштү.

Айрыкча, сууга батып кеткенде биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларына жана коопсуздук эрежелерин сактоонун маанисине чоң көңүл бурулду. Мындай иш-чара студенттерге коопсуздук тууралуу билимдерин тереңдетүүгө гана эмес, өз жыргалчылыгын жана айланасындагылардын коопсуздугуна болгон жоопкерчилик сезимин калыптандырууга да өбөлгө түзөт.