"Аталар мурасы" адабий кече
"Аталар мурасы" адабий кече.
2024-жылдын 18-октябрда колледжде Кара Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына "Аталар мурасы" адабий кече болуп өттү.
Бул адабий кече кыргызолог Рысалива Майрам Сайникеевна жана 1 СД"А" нын студенттери менен бирдикте уюштурулган
Адабий кече жогорку деңгээлде өттү, Колледждин директору Асаналиева Эльмира Чойбековна, директордун орун басарлары Сауле Хусеиновна, Мира Самайбековна жана көптөгөн окутуучулар катышышты.
Адабий кече колледждин конференц залында өтүлдү. Зал талапка ылайык жасалгаланды, телевизор, компьютер жабдыктары, үн күчөткүчтөр орнотулду, дубалдарда; Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбаков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков аталарга арнап чыгарылган дубал газеталар мында алардын өмүр баяндары, үй- бүлөлөрү тууралуу жазылган. Кара кыргыз автономиялуу республикасынын картасы чийилген дубал газета көптүн назарын өзүнө бурду, азыркы ажайып кооз жаратылышы тартылган кыргызстандын сүрөтү, алмустактан бери келе жаткан улуттук тилибизге арналып чыгарылган, дубалдык газеталар, ошондой эле көркөм выставка; андагы, комуздар, кийизден жасалган боз үйлөр, жыгач аттар, кийиз төөлөр залды көкүнө чыгарып турду.
Адабий кечеде "Аталар мурасы" деген темада докладда аталардын кыргыз эли үчүн опол тоодой жасап кеткен эмгектери, кыргызстанды өнүктүрүү үчүн жан аябай кашык кандары калгыча жан чыдагыс кыйноолорду, акыр аягы баштарын алган сталлиндик репрессия тууралуу айтылган доклад көптү ойлондурду.
Ошондой эле аталарга арналып чыгарылган 14 минуталык "Дүйнө өзгөрдү" видео тасмасы болуп жатканда көпчүлүк ыйлап, көздөрүнө жаш алуу менен көрүштү. Ж.Абдрахманов, А. Сыдыков, А. Орозбаков , И.Арабаев, жөнүндө тартылган мульти тасма да коюлду, студенттер ар бир аталар боюнча бирден чыгып презентация, доклад окулуп, чыгаан уулдардын жашоосунан спекталдаштырган сценка коюлду. Негизинен адабий кече мыкты денгээлде өттү.