Методикалык кеңеш өткөрүү
Методикалык кеңеш өткөрүү
2025-жылдын 24-апрелинде колледжде кезектеги методикалык кеңеш болуп өттү. Кеңеште окуу процессин уюштуруунун актуалдуу маселелери жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелер каралды.
Циклдык методикалык комиссиялардын жетекчилери доклад менен чыгышты:
- Баказова А.М. – жалпы билим берүү циклынын жетекчиси
- Исмаилова А.Н. – жалпы медициналык циклдын жетекчиси
Алар окуу мезгилинде аткарылган иштердин анализин берип, окутуучулардын жетишкендиктерин белгилешти жана студенттерге методикалык колдоо көрсөтүү, предметтерди окутууну жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулашты.
Колледждин методисти Бегалиева М.С. «Окуу мотивация жана аны кантип көтөрсө болот» деген темада баяндама жасап, студенттерде туруктуу окуу мотивациясын калыптандыруунун маанилүүлүгү жана аны өнүктүрүү жолдору тууралуу айтып берди. Ошондой эле ОSКЕ – объективдүү структураланган клиникалык экзаменди даярдоо жана өткөрүү боюнча маалыматтар берилди.
Кеңештин жыйынтыктоочу бөлүгүндө окуу иштери боюнча директордун орун басары Алдажанова С.Х. «Окуудагы инновациялык ыкмалар»деген темада доклад жасады. Ал анатомия боюнча «Пирогова столун» латын тили жана микробиология боюнча мобилдик тиркемелерди, ошондой эле заманбап интерактивдүү жана санариптик ресурстарды колдонуу менен студенттердин сабакка кызыгуусун арттыруу боюнча маалымат берди.
Методикалык кеңеш конструктивдүү маанайда өттү. Талкуулардын жыйынтыгында билим берүү ишин өркүндөтүүгө жана методикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштар берилди.
На русский