Сыймыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!

Сыймыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!
Сыймыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!
Сыймыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!
Сыймыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!

Сыймыктуу сыйлык менен куттуктайбыз!

2025-жылдын 4-июлунда Токмок шаарынын мэриясынын чоң залында Медициналык кызматкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык аземдин алкагында Токмок шаарынын мэри А.К. Эргешов Токмок медициналык колледжинин директору Асаналиева Эльмира Чойбековнага Ардак грамота ыйгарды. Бул сыйлык анын ишине берилгендиги, жогорку кесипкөйлүгү жана медициналык билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн тапшырылды.

Бул сыйлык — көп жылдык ак ниет эмгектин, окуу жайды натыйжалуу башкаруунун жана квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого кошкон өзгөчө салымдын таануусу болуп саналат.

Токмок медициналык колледжинин жамааты Эльмира Чойбековнаны бул ардактуу сыйлык менен чын жүрөктөн куттуктайт жана ага мындан аркы ийгиликтерди, чың ден соолук жана мекенибиздин саламаттыкты сактоо тармагына дагы көптөгөн салымдарды кошууну каалайт!