Студенттик комитеттин жыйыны
Студенттик комитеттин жыйыны
Токмок медициналык колледжинде студенттик комитеттин жыйыны болуп өттү.
Жыйында студенттердин окуу, тарбия жана коомдук ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер каралды. Комитет мүчөлөрү алдыдагы окуу мезгилине карата пландарды, маданий-массалык жана спорттук иш-чараларды уюштурууну, ошондой эле студенттердин билим алуусу жана эс алуусу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча демилгелерди талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгында студенттик жашоону жандандырууга жана колледждеги студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштар жана чечимдер кабыл алынды.