ТИЛИМ БАРДА УЛУТМУН, ТИЛИМ МЕНЕН УЛУКМУН
Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз. Андыктан 2024-жылдын 23-сентябрында Медколледжде "Кыргыз тилим улуу тил "деген темада чоң иш чара болуп өттү, бул иш чараны кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча директордун орун басары Рысалива Майрам Сайникеевна алып барды.
Кыргыз тил күнүнө арналган бул иш чара 3-этап менен өттү:
1-этап
1-курстун студенттеринин арасында "Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун" темада дубал газеталардын сынагы өткөрүлдү, бул сынакка 1-курстан 9 группа катышты.
I орунду 1СД"А" тайпасы
II орунду 1СД"Б" тайпасы жана 1 АД"А" тайпасы
III орунду 1Фарм"А" жана 1 Фарм"Б" тайпасы татыктуу болуп, баалуу белектер менен жана мактоо грамоталары менен сыйланышты.
2-этап
2-курстар арасында патриоттук обондуу ырлар "Мекеним Кыргызстан" деген темада сынак жарыяланган, ар бир группа жакшы даярданып, спорт залда өткөрүлдү мында да 2-курстардагы тайпалары катышты бардыгы улуттук кийимдери менен музыканын коштоосунда чоң даярдык менен өтүлдү.
Мында 1-орунду 2АД"А" Омардын "Туулган жер" деген ырын Н.Акылбекова жогорку деңгээлде жакшы, жандуу ырдаганы үчүн татыктуу болду. Баалуу белектер менен жана ардак грамотасы менен сыйланды.
2-орунга 1-СД"Б" группасынан С.Самудиновдун" Эне тилим "деген ырын Орозакунова көркөм, жакшы айткандыгы үчүн жана 1АкушерАД"Б" студенти татыктуу болду.
3-орунга 1 Фарм"А" жана 1 Фарм "Б" Алмаз Карабаев "Кыргыз тилим бар "деген ырды жакшы аткаргандыгы үчүн 3-орунга татыктуу болушту. Бул чоң иш чарага активдүү катышкан студенттердин бардыгы баалуу белектер менен жана ардак грамоталар менен. сыйланышты.
2-орунду 2Фарм"А" Азис Батыровдун" Алга кыргызстан" деген ырды Арзымасова А. жеткиликтүү жакшы ырдаганыдыгы үчүн баалуу белектер менен жана 2-орун деген ардак грамота менен сыйланды.
3-орун 2СД"А" берилди Б.Борбиевдин" Кыргызстаным "деген ырын хор аткарышты. Текши, жандуу, берилип, көңүлдүү ырдагандары учун 3-орунга татыктуу болуп, булар да 3-орун деген ардак грамота жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
3-этап
"Кыргыз тилим кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан" деген темада видео сынак уюштурулган. Бул сынакка 3- курстан 9 группанын студенттери катышышты.
1-орунга ЗФарм "А"
2-орунга ЗФарм "Б"
3-орунга 4ЛД"А"
Бул видео ролик 3-минутадан ашпаган, кыргыз тилин, студенттерди ,окуу жайды, жаратылышты, чөйрөнү сырткы кийимдерин да камтып кетиш керек эле ошол шарттын талабын аткарган 3 группа болду . Жеңген группалар баалуу белектер менен жана ардак грамоталар менен сыйланышты.
4-этап
"Эне тилим-эне сүтүм" аттуу көркөм окуу сынагы. Бул сынакка
1-курстун студенттери тартылган, ошондой эле 1-курстан 9 группа катышышты.
1-орунга 1СД"А" Ж.Жумакадыровдун "Кыргыз тили минип калды араба" деген ыр саптарын жатка, көркөм айткандыгы үчүн Табылдиева 1-орунга татыктуу болду.
Иш чаранын аягында уюштуруучуга ыраазычылык билдирүү менен аяктады.