Токмок медициналык колледжинде шашылыш эвакуация боюнча окуу машыгуусу өткөрүлдү
2025-жылдын 4- жана 11-апрелинде Токмок медициналык колледжинде **шашылыш эвакуация боюнча окуу машыгуусу жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттер менен кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдар учурунда туура жана коопсуз аракет кылуу көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.
"Тревога" сигналы машыгуунун башталганын билдирип, анын артынан бардык катышуучулар эвакуация планына ылайык имаратты уюшкандык менен таштап чыгышты.
Жооптуу кызматкерлер тартипти көзөмөлдөп, студенттер менен окутуучулардын аракеттерин координациялап турушту.
Мындай иш-чаралар күтүлбөгөн кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга, тартипти чыңдоого жана ар бир адамдын өзүнүн жана айланасындагылардын коопсуздугуна болгон жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт.
Эвакуацияны уюштурган жооптуулар: - Рысалиева М.С. - Дыборева Н.И.
Окуу машыгуусу уюшкандыкта өтүп, катышуучулардын жогорку даярдык деңгээлин көрсөттү.