Волейбол кубогу (архив)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” улуттук программасын аткаруу жана өз ара тажырыйба алмашуу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу максатында чыккан Саламаттык сактоо министрлигинин 30.05.2022 жылдагы №641 буйругунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 1-3-июнь күндөрү Нарын медициналык колледждин базасында Кыргызстандагы медициналык колледждердин Ассоциациясынын волейбол боюнча Кубогу өткөрүлдү. Иш- чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси С.К. Эсенаманова, Нарын шаарынын вице-мэри Н.Жумакадырова, Кыргызстандагы медициналык колледждердин ассоцациясынын төрагасы Ө.Т.Станбаев, Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери жана медициналык колледждердин жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. НМК директору Т.Б.Арпачиева "Өз ден-соолугубузга кам көрүү менен достугубуз, биримдигибиз чыңалып, биргеликте жетишкендиктерди жараталы" - деген тилегин айтып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап өттү.
Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, 1-орунду Нарын медициналык колледжи ээлеп, Ассоциациянын 1-даражадагы диплому жана 15 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушса, 2- орунду Ош мамлекеттик университетинин алдындагы медициналык колледжи ээлеп, Ассоциациянын 2-даражадагы диплому жана 10 000 сом акчалай сыйлыкка, ал эми 3-орунду Б.Сыдыков атындагы КУУ медициналык колледжи ээлеп, Ассоциациянын 3-даражадагы диплому жана 5 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ош медициналык колледжи 4 даражадагы диплом жана 3000 сом, калган колледждер ар түрдүү кызыктуруучу белектер менен сыйланышты.