5-май — Бүткүл дүйнөлүк акушерлер күнү жана 12-май — Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү.
Кесипке, камкордукка жана жүрөк жылуулугуна арналган майрам!
⠀
Токмок медициналык колледжинде маанилүү кесип ээлерине арналган өзгөчө майрамдык иш-чара болуп өттү
⠀
5-май — Бүткүл дүйнөлүк акушерлер күнү жана
12-май — Бүткүл дүйнөлүк медайымдар күнү.
⠀
Бул кесиптер — саламаттыкты сактоонун жүрөгү.
Жаңы өмүрдү биринчи тосуп алып, күн сайын бейтаптарга кам көргөн адамдар.
⠀
Ушул күндөрдүн урматына колледждин студенттери “Жаштар Уюму” командасы менен биргеликте жүрөктөн чыккан куттуктоолорду, концерттик программа жана сертификаттарды тапшырууну камтыган майрамдык иш-чараны уюштурушту.
⠀
Биз келечектеги адистерибиз менен сыймыктанабыз — боорукер, кайраттуу жана жардам берүүгө даяр жаштар менен.
Сиздердин эмгегиңиздер ар дайым бааланып, мээримиңиздер кайра кайтып келсин!