Саламаттык куну!
Таңды шайдоот көнүгүүлөр менен баштап, андан кийин ишке кириштик: студенттерибиз окутуучуларга экспресс-текшерүү жүргүзүштү — кандын басымын, кант деңгээлин, бой жана салмакты өлчөштү. Текшерүүдөн кийин — аз эле таймаш, командалык рух менен: эки команда ортосунда спорттук мелдеш өттү! Энергия, дем, жакшы маанай — Саламаттык күнүндө керектүү нерселердин баары бар болчу. Эсиңизде болсун: саламаттыкты сактоо — бул бир гана бейтаптар үчүн эмес, аларды дарылаган адамдар үчүн да маанилүү! Студенттерибизге демилгеси, камкордугу жана кесипкөйлүгү үчүн чоң рахмат! Саламаттык — өзүбүздүн колубузда.