"Улутум кыргыз, урааным Манас"
Токмок шаарындагы медициналык окуу жайында 4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнө карата окуу жайдын Манас таануу сабагынын мугалим Айдыралиева Ж.М. жана 1Фарм/А тайпанын студенттери менен 13-декабрда «Улутум кыргыз, урааным Манас» темасында иш чара өттү. Тайпа фармация бөлүмү болгондуктан студенттер «Манас» атабыздын колдонулган даары-дармектери жөнүндөгү маалыматтарды, «Манас» эпосу тууралуу кыскача баяндамаларды айтып беришти. Мугалим Манас эпосу канча тилге которулганын жана «Манас» ааламы деген картага токтолуп «Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ээлеген орду чоң экенин айтып өттү.
Төмөнкү студенттер «Манас» айтышты:
1 А/Д «А» тайпасынын студенти Курманалиева Эркайым
2 А/Д «А» тайпасынын студенти Нургазиева Эльмира
2 А/Д «А» тайпасынын студенти Бегалиева Мадина
1 Фарм «А» тайпасынын студенти Алсеитов Алишер „Манас” айтып берди. Андан кийин студенттер «Сыр сандык» оюнун ойноп, сандыктын суроолорду алып, жооп беришти. 1 Фарм «А» тайпасынын студентеринин Кыргыз бийи жогорку деңгээлде бийлегенин көрдук. «Эне тилде сүйлөйлү», «Ыйык мекеним» обондуу ырларын Курманалиева Эркайым, Дадыев Адыл ырдап беришти. Аягында окуу жайдын директору Асаналиева Э.Ч. сөз сүйлөп , «Манас» күнү менен куттуктап, студенттерге грамоталарды тапшырды.